Уу чыгарган үйдө өскөн гүлдөрдү билесизби?

23 октября 2019 11:34 2573 Barometr
Поделиться в:
ok

Үйдө өстүрүлгөн гүлдөр бөлмөнүн кооздугун арттырып тураарына шек жок. Ар бир гүл өстүрүлгөн бөлмөдө таза аба жана жагымдуу маанай жаралып турат. Бирок, кээ бир үй өсүмдүктөрү адам баласынын айрымдарынын ден-соолугуна абдан олуттуу зыянын тийгизет. Кээ бир гүлдөрдөн бөлүнүп чыккан шире терини дүүлүктүрүп, кычыштырат, көздөн жаш агат. Эгерде өзүңүздөн ушундай белгилерди байкасаңыз, анда бул өсүмдүктөрдөн баш тартууга туура келет. Мындай белгилерди герань менен примула да берет.

Тропикалык монстера өсүмдүгү да уулуу келет. Ал ширесин бөлүп чыгарганда көздөн жаш куюлуп, тамак жана ашказан жабыркайт. Ал эми териге тийсе эпидермистин жабыркоосун күчөтөт.

Фикус гүлүн ар бир үйдөн эле кезиктирүүгө болот. Ал аллергияга жакын, астма менен ооруган адамдарга зыянын тийгизет. Аллергиктерди дүүлүктүрүп, астма менен ооругандары приступ болууга чейин алып келет.

Лилия гүл ачып баштаганда анын аңкыган жытынан кээ бир адамдардын башы катуу оорушат жана эсинен да танып калышат. Лилияны уктоочу бөлмөгө коюудан алыс болушу кажет.

Мындан сырткары, уулуу гүлдөргө азалия, гортензия, филодендрондор кирет. Бирок, бул гүл өсүмдүктөрү кандайдыр бир жол менен организмге киргенде гана зыянын тийгизет. Андыктан бала- бакырадан алыс коюңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/jd-skn-gldr-den-soolukka-ters-taasirin-tijgizip-uu-zaty-chygaaryn-bilesizbi



Добавить комментарий