Үйдө бетке пилингти кандай жасаса болот
Сулуу болуп, таза бет терини кааласаңыз ал үчүн пилинг жасап көрүңүз. Ушул процедураны үйдө жасоого эң пайдалуу жана жагымдуу ыкмалардын бирин тандайбыз.
Күндө бет териге ондогон түрдүү кирдин бөлүктөрү (чаң, көө, пайдаланылган газдар) конуп калат, тердин бездери бет жаакка чыгат, теридеги майда тешиктер макияж менен бүтөлүп калат. Ошондуктан терини тазалап туруш керек.
Калыптуу жана аралаш териге эң көп дегенде жумасына бир жолу жана кургак жана сезимтал териге эки жумада бир жолу үйдө пилинг жасоого болот. Ал терини өлгөн клеткалардан тазалап, жаңылануусуна пайдасын тийгизип, пигментация, бырыштар менен керек болсо акне менен да күрөшүүгө жардам берет.
Эң жөнөкөй ыкма – жемиштердин кычкылынын негизинде үй жагдайында пилинг жасоо. Ал үчүн апельсин менен ананастын жаңы сыгылган ширесинин аш кашыгын алып аралаштырыңыз да, териге 3-5 мүнөт сүйкөп коюңуз (цитруска аллергияңыз болбосо). Ушундай пилинг теринин түлөп кетүүдөн коргойт, безетки жана пигмент тактар менен күрөшүүгө жардам берип, ошондой эле жашартып, сергитет.
Ссылка: https://barometr.kg/jd-betke-pilingti-kandaj-zhasasa-bolot
Добавить комментарий ×