COVID-19 чет өлкөдөн келген 7 жарандан аныкталды. Жалпы 38 учур

10 июня 2020 11:51 741 Barometr
Поделиться в:
ok

«Бир сутка ичинде коронавирус менен жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган бейтаптардан аныкталган. Калган 7  учурдун  жугузуп алган шарттары белгисиз”, - дейт  Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

Өткөн сутка ичинде  2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Жалал-Абад облустук ооруканасынан 1 бейтап (72 жаштагы аял киши).  Панфилов Жалпы дарыгерлер практикалык борборунан 1 бейтап (70 жаштагы эркек киши).

 Үй шартында, кеп-кенештер менен  дарыланбагыла. Бул ден соолукка зыян. Мындай мамиле менен, вирусту токтотуу мүмкүн эмес, тескерисинче абал курчуп кетиши мүмкүн экенин адистер белгилешет.

Акыркы күндөрү вирусту жугузуп алган шарттары белгисиз учурлар көбөйдү. Эгерде оорунун кандайдыр бир симптомдорун же белгилерин байкасаңыз, сөзсүз медициналык  жардам үчүн 103 жана 118 кыска номерлерине байланышсаңыз болот.

Ссылка: https://barometr.kg/j-shartynda-darylanyp-virustu-toktotuu-mmkn-emes



Добавить комментарий