Үй ичинде биз колдонгон кээ бир буюмдар ден соолукка зыян алып келишет
Күнүмдүк жашоодо биз көңүл бурбаганыбыз, байкабаганыбыз менен үй ичинде биз колдонгон кээ бир буюмдар ден соолукка зыян алып келишет. Алар акырындык менен ар кандай ооруларды пайда кылышат. Дал ошол оорулардын алдын-алуу үчүн төмөнкү буюмдарды өз орду менен туура колдонуу зарыл. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Суу краны
Кадимки суу агуучу кранда, негизинен, легионелла аттуу бактериялар болот. Суу аккан кезде бул бактериялар абага тарап, дем алуучу органдар аркылуу өпкөгө келип кирет да, пневмония оорусун пайда кылат. Ошондуктан, ар бир үч ай сайын крандан 10 мүнөткө чейин ысык сууну агызып коюп туруңуз. Бул зыяндуу бактерияны жок кылат.
Таштанды салуучу чака
Бул буюм жагымсыз жыт гана бөлүп чыгарбастан, өзүнө ар кандай курт-кумурскаларды чакырат. Андагы зыяндуу бактериялар тынымсыз жана тез-тезден көбөйөт. Мисалы, 7 күндөн кийин эле таштандысы бар чаканын ичиндеги мындай бактериялардын, микробдордун саны 600дөн ашып кетет! Ал эми 14 күндүн ичинде дагы 130%га көбөйүшөт. Бул зыяндуу микроорганизмдер аллергия, астма, кызамык жана башка ар кандай тери жана дем алуу органдарындагы ооруларды пайда кылат. Температура көтөрүлүп, зат алмашуу, кан айлануу бузулат. Андыктан, айрыкча иммунитети төмөндөр, кары-картаңдар, жаңыдан операция болгондор, жаш балдар таштанды салуучу чакадан алыс болуулары кажет. Таштандыны эки күндө бир төгүңүз жана чаканын ичин да, колуңузду да сөзсүз самындап жууңуз.
Сүлгү
Стафилококк аттуу зыяндуу микроорганизм сүлгүдө жашаганды жакшы көрөт. Эгерде териңизде жара, же кесип алган, тытылган жер бар болсо, ал жерге сүлгү менен аарчынган кезде стафилококк кирип ырбатат, ар кандай тери ооруларын пайда кылат. Андыктан, сүлгүңүздү 6-7 күндө бир жолу сөзсүз жууңуз. Суунун ысыктыгы 95 градус болуусу кажет. Ошондо андагы микробдор өлөт.
Алюминден жасалган идиш
Мындай идишке тамак жасасаңыз, курамындагы алюминий аттуу зат ошол бышып жаткан тамакка аралашып кетет. Натыйжада, ал боор менен бөйрөктүн иштөө функцияларын бузат, бара-бара сөөктөрдүн сынышына алып келет. Эң жаманы, организмди тез картайтат. Тактап айтканда, өз мезгилиңизден эрте эле картаюу менен кошо пайда болуучу ооруларга баш ийип каласыз. Демек, чоюндан, болоттон жасалган идиштерди колдонгонуңуз дурус.
Ссылка: https://barometr.kg/j-ichinde-biz-koldongon-kee-bir-buyumdar-den-soolukka-zyyan-alyp-kelishet
Добавить комментарий ×