Үй-бүлөнүн саламаттыгы боюнча мобилдик тиркеме чыкты

28 январь 2020 16:06 975 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ага Хан" фонду жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан үй-бүлөлүк саламаттык боюнча даярдалган “Саламат” мобилдик тиркемесинин бет ачары өттү.

Тиркеме балдарга кам көрүү, эмдөө, балдардын өнүгүү нормалары жана алардын ден соолугуна тиешелүү суроолор жана коркунучтардын алдын алуу боюнча сунуштарды камтыйт. Бул тиркеме андроид планформасынын негизинде бардык уюлдук телефондордо, онлайн жана офлайн түрүндө кыргыз жана орус тилдеринде акысыз иштейт.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай тиркеме Кыргызстанда биринчи жолу даярдалган жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан толук экспертизадан өткөн. 

«Бул тиркеме өзгөчө кыргыз тилинде ден соолук боюнча маалымат жетишсиз болгон айыл жана региондордун жашоочуларына пайдалуу», – деп тиркеменин түзүүчүлөрү билдишти.

Ссылка: https://barometr.kg/j-blnn-salamattygy-boyuncha-mobildik-tirkeme-chykty



Добавить комментарий