Изилдөө: кыргызстандык аялдардын үчтөн бир бөлүгү эркек киши урса болот деп эсептейт

18 мая 2019 13:02 899 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда акыркы үч жылда 15 жаштан 49 жашка чейинки 5 пайыз аял зомбулуктун, талап-тоноонун жана кол салуунун курмандыгы болгон, ал эми акыркы 2 жылда бул көрсөткүч 2 пайызды түзгөн.Мындай маалымат Мультииндикатордук кластердик изилдөөнүн жүрүшүндө айтылды.   

Отчетко ылайык, 15 жаштан 49 жашка чейинки курактагы ар бир кыргызстандык аялдардын үчтөн бир бөлүгү күйөөлөрү айтпай бир жакка кеткени үчүн, тамакты күйгүзүп салганы үчүн урса болот деп эсептейт.

Изилдөөгө Кыргызстандын баардык областарында жашаган 7 миңден ашык үй кожойкелери катышкан. Изилдөөлөр 2018-жылы сентябрь-ноябрь айларында жүргүзүлгөн. МИКОну Улуттук статистикалык комитет ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен жүргүзгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/izild-kyrgyzstandyk-ayaldardyn-chtn-bir-blg-erkek-kishi-ursa-bolot-dep-eseptejt



Добавить комментарий