Изделип жаткан 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды
Поделиться в:
13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Кыз кечээ,14-ноябрда күндүз жоголгон. Ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ата-энеси милициядан көмөк сурап кайрылган.
4-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам иликтөөчүлөрү кызды Руставели көчөсүндөгү курбусунун үйүнөн табышты. Кызды ата-энесине өткөрүп беришти.
Жакындары милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/izdelip-zhatkan-13-zhashtagy-myrzajym-kanimetova-tabyldy
Добавить комментарий ×