Кыргызстанда издөөгө алынгандар Москвадан кармалды

18 мая 2020 13:20 743 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Россиянын укук коргоо органдары издөөдө жүргөн жарандарды аныктоого багытталган иш-чаралардын натыйжасында, Москва шаарынын аймагында өз мекенинде кылмыш жасап эл аралык издөөдө жүргөн бир катар Кыргызстандын жарандары аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жазык кодексинин (мурунку редакциядагы) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча, Ош ш. Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2014-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1986-жылы туулган М.К. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Бул жаран, 2013-жылы күйөсү менен чогу, ишенимге кирип чет өлкөдөн товар алып келүү шылтоо менен алдамчылык жол менен 7500 АКШ долларын өлчөмүндөгү акча каражаттарын алып кетишкен. Мындан тышкары, ошол эле жылдын октябрь айында ойлоп тапкан шылтоо менен 100 000 сом алып, белгисиз багытта жашынып кетишкен. Мындай кылмыштуу аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучуга 465 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.

Ошондой эле, 2014-жылдан тартып Сокулук ИИБи тарабынан издөөдө жүргөн Талас облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мурунку редакциядагы) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши козголгон.

Бул боюнча 2014-жылы жогоруда аталган жаран, алдоо жолу менен чет мамлекеттик валютаны жогорулатылган курс менен алмаштырууга шылтап, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алып, белгисиз багытта жашынып кеткен. Мындай алдамчылык аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучу жаранга 449 000 сом өлчөмүндөгү суммада материалдык зыян келтирген.

Азыркы учурда, жогоруда аталган бардык фактылар боюнча издөөгө берген Ички иштер органдардын бөлүктөрү маалымдалып, кармалган жарандардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселеси каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-zharandar-anyktaldy



Добавить комментарий