Сексуалдык мүнөздөгү кылмышка шектелген жаран Россиянын жарандыгын алган

22 январь 2020 11:31 1422 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын январь айында Россияда жайгашкан Кыргызстандын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте Орусиянын Москва шаарындагы ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүлөрүнүн жардамы менен ыкчам-изилдөө иштери жүргүзүлүп, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, мекенинде кылган кылмыш иш-аракеттери үчүн өлкө аралык издөөдө жүргөн жарандын өздүгү такталып, жашаган жери аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун 1995-жылкы тургуну Б.Р. Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүмүндө (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) (КРнын ЖКнин 1997-жылкы редакциясы) каралган кылмыш иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн.
2012-жылдын сентябрь айында жогоруда көрсөтүлгөн Б.Р. аттуу жаран мыйзамга каршы келүүчү иш жасаган, тергөө учурунда ага карай жаза өтөө чарасы жеке кепилдик тандалган. 

Тергөө иштери бүткөндөн кийин иш сот органдарына өткөрүлүп берилген, бирок кылмышкер жеке кепилдик шарттарын бузуу менен сот процессине келбей койгон. Ушундан улам Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук соту 2013-жылдын июль айында алдын ала эскертүү чарасын “камакка” алуу чарасына өзгөртүп, издөөгө берген. 

Издөө учурунда Кыргыз Республикасында издөөдө жүргөн жаран 2017-жылдын декабрь айында Россия Федерациясынын жарандык паспортун алганы белгилүү болгон.
Азыркы учурда Орусия жарандыгын алгандыгынын чоо-жайы текшерилип, ошондой эле башка өлкөлөрдүн жарандыгын алуу үчүн документтердин аныктыгын Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдары тарабынан текшерилүүдө. Издөөнү жүргүзүп жаткан тарап кабарландырылды.


Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-zharan-orussiyadanda-izdeld



Добавить комментарий