Элдин коммуналдык кызматка төлөгөн акчасын өзүнө которуп жүргөн жаран Москвадан табылды
2020-жылдын январь айынын ортосунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын КМКнын ыкчам кызматкерлери жана Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарында ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалган.
Кыргыз Республикасынын жараны Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургуну 1980-жылы туулган Г.А. аттуу өзүнүн өлкөсүндө кылмыш иш-аракеттери үчүн өлкөлөр аралык издөөдө жүргөн. Бир нече жылдар бою аталган жаран жасалма документ аркылуу элдерден коммуналдык кызматка төлөнгөн акча каражаттарын өзүнө ыйгарып турган.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 166-беренесинин 1-2 бөлүмдөрүнүн (адамдардын тобу тарабынан жана алдын ала бүтүм боюнча алдамчылык), 171-беренесинин 2 бөлүмдөрүнүн (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) негизинде Баткен облусунун УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан изделип жаткан.
Кылмышкер коммуналдык тейлөө кызматында 2011-жылдан 2015-жылга чейин оператор-компьютерщик болуп иштеп жүрүп, кызматкерлеринин ишенимине кирип, көзөмөлдөөчүлөрдөн коммуналдык кызматка акча чогултуп турган.
Бирок материалдык пайда көрүү максатын көздөп ал бир нече убакыт ичинде мыйзамсыз акча каражаттарын өзүнө которгон. Түшкөн акчанын жартысын тиешелүү жерге жөнөткөн болсо, жартысын өзүнө калтырып квитанцияга башка сумманы жазып кетирип жүргөн. Иштеп жаткан убактысында ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген. Россиядагы ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү билдиргендей Кадамжай районунун тургуну бир нече жылдан бери Россия аймагында жашырынып жүргөн.
Азыркы учурда кылмышкерди жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда.
Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-zharan-moskva-shaarynan-tabyldy
Добавить комментарий ×