Издөөдө жүргөн кылмышкер кызды интернетте "Сулуу кылмышкер кыз" деп аташты
Кытайда уурулукка, алдамчылыкка шектелип изделип жаткан кылмышкер кызды интернет айдыңында "Сулуу кылмышкер кыз" аташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта жазылгандай, кытай полициясы кылмышкер кыздын сүрөтүн жарыялап, издөө салгандан бери көпчүлүк интернетте анын сулуу экендигине суктанышууда. Ал эми жаш кыз болгону 19 жашта болуп, барга келген адамдардын акчасын алдамчылык жолу менен алып турган. Уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарым жылдан ашык бул иш менен алектенип келгендерин полиция кабарлаган.
Ал эми көпчүлүк интернет колдонуучулар сулуу кылмышкер кыз алдамчылык жолу менен акча тапкыча модельдик, актрисалык же видеоблогерлик кесипти аркаласа көп акча таба тургандыгын айтып жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-kylmyshker-kyzdy-internette-suluu-kylmyshker-kyz-dep-atashty
Добавить комментарий ×