Терроризмге шектелип издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды

7 сентября 2020 14:12 556 Barometr
Поделиться в:
ok

Издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

2020-жылдын 3-сентябрында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш- чараларынын алкагында террористтик багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн «Н.А.А.» Бишкек шаарынан кармалды. Такталгандай, кармалган адам КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөн. Сот органдарынын чечими менен кармалган «Н.А.А.» КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-chet-eldik-zharan-karmaldy



Добавить комментарий