Издөө салабыз! Баткенде 16 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

6 мая 2021 14:22 2869 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун Кадамжай районунда 16 жаштагы кыз эки күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, кыз 4-май күнү 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ынтымак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

“2005-жылы туулган Мадина Мыктыбек кызы 4-май күнү өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон азыркы күнгө чейин жүрөн жери белгисиз болууда.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнүн КЖБРне дайынсыз жоголуу деп катталып, издөө иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат Баткен ОИИБнин маалыматында.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү жемпир, астында кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Белгилери: бою 150-160см, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара.

Эгерде, кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылып коюушуңуздарды өтүнөбүз.

Байланыш үчүн телефон номурлар: 03655 (5-02-29);  0704 27 64 16

Ссылка: https://barometr.kg/izd-salabyz-batkende-16-zhashtagy-dajynsyz-bolup-zhatat



Добавить комментарий