Иттер өз кожойкесине кол салып, аял көз жумду

16 октября 2018 11:30 1469 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Москванын Быков Рамен районундагы жашоочулардын бири Марина Быстрова аттуу 52 жаштагы жараны иттерди абдан жакшы көрчү. Анын Ванька-Зайка жана Райзен аттуу 2 ити бар болчу. Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында иттер кожойкесине кол салышты. Окуянын жыйынтыгында 52 жаштагы аял тез жардам унаасы келгенге чейин көз жумган. 

Аял өз иттерин абдан жакшы көрчү. Алар менен ар түрдүү көргөзмөлөргө барып турчу. Азыр окуя болгон жерде тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын изилдешүүдө.

Ал эми маркумдун күйөөсү катуу шокко кабылган. Жаныбарларды эмнеге кожойкесине кол салды деген суроого жадакалса тергөөчүлөр да жооп бере албай жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/itter-z-kozhojkesine-kol-salyp-ayal-kz-zhumdu



Добавить комментарий