Италиянын футбол Академиясы Борбор Азиядан алгачкы футболист кабыл алды. Ал кыргызстандык Эмирхан

1 марта 2019 16:13 2063 Barometr
Поделиться в:
ok

Италиянын футбол Академиясы Борбор Азиядан алгачкы футболист кабыл алды. Ал кыргызстандык Эмирхан болду.

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Италиядагы Паоло Росси футболдук Академиясы менен келишим түздү.

Камчыбек мырза уулу машыгып жаткан маалда тартылган сүрөттү Фейсбуктагы баракчасына коюп –«Италиядагы Паоло Росси футболдук Академиясында алгачкы машыгуу. Борбор Азиядан кабыл алынган алгачкы футболист. Мен Кыргыздын уулу үчүн сыймыктанам!!!» деген пикирлерин жазып калтырган.

Эмирхандын эжеси Мээримай Ташиева бүгүн инстаграм баракчасына ата-энеси, иниси менен чогуу түшкөн сүрөттү коюп, инисин Италиянын Паоло Росси Академиясына узатып жатышканын, ал үчүн сыймыктанганын жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/italiyanyn-futbol-akademiyasy-borbor-aziyadan-algachky-futbolist-kabyl-aldy-al-kyrgyzstandyk-emirhan



Добавить комментарий