Италияда уурулар унаа ээсинин оорулуу экенин билгенден кийин кайтарып беришти

22 января 2021 18:04 2550 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Италиянын күч түзүмдөрү өлкөнүн түштүгүндөгү Бари шаарындагы оорукананын унаа токтотуучу жайынан уурдалган унааны табышты. Унаа ээси социалдык тармак аркылуу кайрылгандан кийин, уурулар унаага кечирим сураган жазуу калтырып таштап кетишкен. Бул тууралуу Daily Mail гезити жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Январь айынын ортосунда жабырлануучунун кызы фейсбукка уурдалган унаа энесинин склероз менен жапа чеккен жалгыз унаа каражаты экендигин жазган. Fiat Doblò унаасы майып адам айдоого ылайыкташтырылган, пандус жана майыптар коляскасы менен жабдылган.

"Колуңду жүрөгүңө коюп, унааны бизге кайрып бер", - деп жазган кыз. Анын кайрылуусу популярдуу болуп, көчө каракчыларына да жеткен. Бир нече күндөн кийин унаа табылган. Баринин чет жакасында бир киши анын үйүнүн жанында токтоп турганын көрүп, күч түзүмдөрдү чакырган. Унаанын алдыңкы отургучунан кылмышкерлер калтырып кеткен жазууну табышкан.

"Бизде дагы жүрөк бар, кечиресиз, сиздин патологияңыз жөнүндө билген эмеспиз", - деп жазып кетишкен.

Дамианинин үй-бүлөсү, окуя кубанычтуу аяктагандан кийин, баарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-uurular-unaa-eesinin-ooruluu-ekenin-bilgenden-kijin-kajtaryp-berishti



Добавить комментарий