Италияда коронавирустан өлгөндөр эмнеге көбөйүп жатат? Себеби айтылды

2 апреля 2020 12:45 1290 Barometr
Поделиться в:
ok

Италияда коронавирустан каза болгондордун саны көбөйүп жатышына быйыл кыштын адаттан тыш жылуу болушу себеп болгон. Анткени кадимки сасык тумоодон каза болгондордун саны азайган. Бул тууралуу Италиянын саламаттык сактоо министрлигинин жарыялаган отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, ноябрьдан январга чейин болчу сасык тумоо менен кары-картаңдар көп ооруган эмес. Себеби, жылуу аба ырайынан улам алар ооруну жеңил өткөрүшкөн.

Статистикалык маалымат боюнча Италияда жыл сайын сасык тумоодон 8 миңдей киши өлөт. Быйыл бул көрсөткүч бир кыйла төмөн болгон.

Андыктан сасык тумоо эпидемиясы учурунда риск топто турган кишилер коронавирустан улам каза боло баштаган.

Акыркы маалыматтар боюнча Италияда коронавирус 110 миң кишиге жукканы тастыкталып, 13 миң киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-koronavirustan-lgndr-emnege-kbjp-zhatat-sebebi-ajtyldy



Добавить комментарий