Италияда канатка кулап 13 адам каза болду
23-майда Италиянын түндүгүндөгү Пьемонт облусундагы канатканын кулашынан улам 13 адам каза болду. Бул тууралуу Corriere della Sera. сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Каргашалуу окуя 23-май, жекшемби күнү Маггиор көлү менен Моттарон тоосунун жээгиндеги Стреза айылын бириктирип турган асма жолдо болгон. Анын бийиктиги 1500 метр.
Тогуз жана беш жаштагы эки бала оор жаракат алып, ооруканага тик учак менен жеткирилген. Каза болгондордун арасында Германиядан келген туристтер да болгон.
Фуникулярдын салону 35 адамга ылайыкташкан. Окуя болгон учурда анда 15 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кабинаны кармаган трос, тоонун чокусуна болжол менен 300 метр калганда үзүлгөн.
Учурда окуянын себептери иликтенип жатат. Куткаруучулар кабина кулаган жерде иштеп жатышат. Окуя токойлуу жана жетүүгө кыйын болгон рельефтен улам татаалдашууда”,- деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Пьемонттогу канатка популярдуу туристтик жай болуп саналат. Фуникуляр 24-апрелде коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу узак тыныгуудан кийин кайрадан ачылган. Ал 2014-жылдан бери эки жолу оңдоодон өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-kanatka-kulap-13-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×