Исмаил Исаков: "Азаттык" партиясы улуттун кызыкчылыгын коргобогондорго каршы
Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып жаткан "Азаттык" партиясынан талапкер Исмаил Исаковдун шайлоо алдындагы платформасы, "Азаттык" демократиялык партиясы" тууралуу маекти сунуштайбыз.
- Бул жолку шайлоого «Азаттык» демократиялык партиясында Медетхан Шеримкулов, Жылдызкан Джолдошова сыяктуу тажрыйбалуу саясатчылар менен кошо жаштар дагы бара жатат. Мунун себеби эмнеде?
- Эгемендүүлүк алгандан тартып парламенттин курамына сабатсыздар, акыркы учурда капчыгы чоӊ, тажрыйбасы аз уул-кыздарыбыз келип көп нерсеге түшүнбөй жатышат. Мунун кесепетинен Кыргызстандын акыбалы күндөн-күнгө начарлап, парламент дагы жаман атка конду. Кандай кызмат болбосун өтө тажрыйбалуу адамдар биринчи болушу керек. Алардын тажрыйбасын жаштар үйрөнүп, аракет кылып турса өлкөбүз өнүгөт. Келечеги жаркын болот. Мына ошондуктан биз тажрыйбасы мол, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган, күчтүү саясатчыларды топтогонго мажбур болдук. Мисалы, легендарлуу парламенттин төрагасы Медетхан Шеримкулов кыргыз саясатынын башында турат. Кыргызстан үчүн анын эмгеги зор. Мына ушундай тажрыйбалуу саясатчы партиянын башында турбаса болбойт. Саясатка жаңыдан аралашкан жаштар мен да ушул саясатчылардай болсом экен, мен дагы чынчыл, адилет, калыс, бир принциптүү саясатчы болушум керек турбайбы, көрсө менин тажрыйбам жок экен да деп алдына максат койо башташат. Дал ушул себеп менен мыкты саясатчыларды топтодук.
- Шайлоо алдындагы платформаӊыз менен таанышып чыктык, «Азаттык» партиясы улуттун кызыкчылыгын коргобогондорго каршы деп көрсөтүлгөн экен. Кененирээк айтып берсеңиз?
- Бул маселе боюнча мен эки нерсеге токтолуп кетишим керек.
Биринчиси, көпчүлүк эл аралык келишимдер улуттун кызыкчылыгын коргобойт. Ага мисал Кумтөр бүгүнкү күнгө чейин кыргыздын кенин тоноп келди. Эгерде биз ошол алтында, өзүбүздүн кенди өлкөнүн кызыкчылыгына колдонсок, бүгүнкү акыбалга келбейт элек. Бул сыяктуу келишимдерди биз колдобойбуз. Себеби улуттун кызыкчылыгына жооп бербейт. Кыргыздын байлыктарын иштетүү боюнча эл аралык келишимдерди айтып жатабыз.
Экинчи көйгөй, бул чек ара маселеси. Чек ара маселесинде кээ бир жетекчилер, түшүнүп түшүнбөй, билип билбей же болбосо документтерди жакшы карабай, керек болсо такыр окубай шашылыш кол койгон учурлар болуп жатат. Мындай кадамдар улуттун кызыкчылыгына жооп бербейт. Бир метр жерди дагы бербейбиз, суубуз дагы өзүбүздө калат. Өлкөнүн байлыгы элде калышы керек. Биз мындай келишимдерге, мыйзамдарга каршыбыз. Муну биз ачык эле айтып жатабыз.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Ссылка: https://barometr.kg/ismail-isakov-azattyk-partiyasy-uluttun-kyzykchylygyn-korgobogondorgo-karshy
Добавить комментарий ×