Жээнбеков: Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл

21 ноября 2019 12:33 8927 Barometr
Поделиться в:
ok

«Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысы коомубуз жактырган асыл максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик уюмдар менен Диний башкармалык бир ыргакта аракет кылышы керектигин, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өзүнүн мөөнөтүн 2020-жылы аяктаарын, жаңы концепцияны иштеп чыгып, кабыл алуу зарылдыгын айтты. «Анын мазмуну азыркы учурдун, келечектин талаптарына жооп бериши үчүн бул ишти азыртадан баштоо керек», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/islam-zhana-pravoslavie-tynchtyktyn-dinderi-el-aralyk-konferenciyasynda



Добавить комментарий