Ислам дининде аялга кол көтөргөн туурабы? Социологдон видео сабак
Коомдо жолдошунун ур-токмогуна кабылган айымдар көп кездешет. Алардын айрымдары муну ачык айтуудан тайманышпаса башкалары үй-бүлөсүндөг жагдайды элден жашырууга аракет жасашат жана натыйжада өздөрү жабыр тартып калган учурлар кездешет. Үй-бүлөдө чыр-чатак, пикир келишпестиктер жаралган учурда эркек өзүн кандай тутушу керек? Ал жубайына кол көтөрүүгө укуктуубу? Кандай ыкма колдонгон учурда аял да капа болбойт жана өзү да үй-бүлө башчысы экенин түшүндүрө алат? Деген бир катар суроолор жаралбай койбойт. Ислам дини да аялдарга жакшы мамиде жасоого, аларды аярлоого чакырат.
Катардык социолог Абд аль-Азиз аль-Хазрадж эмнегедир динге туура келбеген жол менен эркектерге сабак берген.
Социолог өзүнүн ютуб каналына аялга кантип туура кол көтөрүү керек экендиги тууралуу айтып берген. Видеодо Абд аль-Азиз аль-Хазрадж аялдарды Ислам дининин эрежелеринин негизинде кантип жазалоо керек экендигин үйрөтөөрүн айткан.
“Биз түшүнүшүбүз керек болгон бир нерсе бар – эркек үйдүн башчысы. Анын ишкананын башчысы деген сыяктуу белгилүү бир авторитети болуусу керек. Пайгамбар Мухаммед (С.А.В) бизге аялдардын бетине урууга тыюу салган”, -деген социолог өз сөзүндө эркек жеңил, оорутпай тургандай кылып кол көтөрүүсү керек, ал аялдын аял экенин сезүүсүнө жана жолдошунун эркектик күчүн сезүүсүнө алып келээрин кошумчалаган.
Социолог биринчи аял менен жакшы мамиле кылып сүйлөшүп, макулдашуу керектигин айтып, эгерде бул жардам бербесе катуурак чара колдонсо болоорун билдирген.
Видеодо Абд аль-Азиз аль-Хазрадж аялга колдонсо боло турган чараны кичинекей балада көрсөтүп берген.
“Мен силерге үйдөн чыкпагыла дегем! Канча жолу кайталоого болот?”, -деп туруп баланы бир аз силкип койгон. Видеодо көрсөтүлгөндөргө Ислам уруксат берет ал эми соккулардан көгөргөн тактарга тыюу салынат деп кошумчалаган ал.
Видео чыкканына кыска убакыт болгонуна карабай 556 000ге жакын адам көрүүгө жетишкен. Бирок социолог пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койгон, ал эми жактыргандардан көрө жактырбай дизлайк баскандарды саны 2-3 эсе көп экенин байкоого болот.
Бул маселе тууралуу Кыргызстан муфтиятынын Үгүт насаап бөлүмүнүн адиси Султанали Ажыга Barometr.kg сайты байланышып маалыматты тактоо иретинде “Шариятта эркектин жубайына кол көтөрүүгө укугу барбы?” деген суроого жооп алды.
“Эркек өзүнүн колуктусун аябай аярлашы, жакшы мамиле кылышы керек. Бирок айрым учурларда чектен ашкан жагдайлар да кездешет. Мындай учурларда албетте эркек үй-бүлөнүн башчысы катары жубайына акыл айтууга эгерде мажбур болгон учурда бираз бираз коркутуп коюуга укуктуу. Бирок бул дегени дене боюн көк ала кылуу же бир жерин сындыруу дегени эмес. Хадистерде Пайхамбарыбыз Мухаммед (С. А. В.) ручкадай болгон чыбык менен акырын чаап койсо болот деп айткан жерлерин кездештирүүгө болот. Бирок эркек аялына жалы мамиле кылууга милдеттүү, мүмкүн экен деп эле кол көтөрүүгө да болбойт. Баарын өз ара келишим менен чечишип алган эле жакшы негизи”, -деп жооп берди Султанали Ажы.
Добавить комментарий ×