Исках Масалиев мурдагы президент тууралуу мигранттардын пикирин жазды

29 июня 2019 09:50 3255 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев өзүнүн социалдык баракчасына Москва шаарындагы мигранттардын өлкөдөгү жагдай боюнча айткан пикирлери тууралуу жазды.

“Эки күн Москва шаарында коммунисттик партиянын иштери менен жүрдүм. Ошондой эле Зюгановду 75 жашка чыкканы менен куттуктадым. Ал боюнча орус тилинде баркачама чыгардым, сүрөттөрү менен. Ал улуу саясатчыга кыргыз калпак кийгизсем, бирөөнүн жини келет. Ушундай экен турмуш. Бирок мен башка нерсе жөнүндө айткым келет.

Биз жаткан мейманканада кыргыз балдарыбызга жолуктум, калп айтпасам он беш-жыйырмадан кем эмес киши бар экен. Кыргызстандын төрт тарабынан келишкен. Эмгектенип, үйлөрүнө беш-он сом жиберип, тиричилик өткөрүшөт. Көчөгө чыксаң, ар бир ишканада кыргыз бар. Тааныгандар мага бир гана суроо беришти-саясатчылар, мамлекетти жок кылып кетпегиле талашып! Экстин күнөөсү болсо-жооп берсин, далил жок болсо-сый урмат көрүп жүрө берсин. Ансыз биз кыйналып жүрсөк, силер үйдө элди бөлгөнүңөр кандай?!?

Түшүнөмүн, жеке мага сөз эмес, баарыбызга тийиштүү. А бирок чындык...”,-деп жазды депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/iskah-masaliev-eks-prezident-tuuraluu-migranttardyn-pikirin-zhazdy



Добавить комментарий