Жакында "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы иштеп баштайт

12 июня 2020 17:12 1097 Barometr
Поделиться в:
ok

“Коронавирус пандемиясына байланыштуу насыя төлөөдө маселелер жаралып жаткан кардарлар бүгүнкү күндө да арыз менен кайрылып жатышат. Насыя алууда жеңилдиктер каражаттын булагына жана насыянын валютасына карабастан берилип жатат ”, - деп билдирди “РСК Банк” ААКтын аймактарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Улан Ашимов. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Ал белгилегендей, насыя төлөмдөрүн жылдырып берүү жана башка жеңилдетүү боюнча арыздар бир гана банктын бөлүмдөрүндө гана эмес, дистанциялык негизде да кабыл алынууда. Ал эми насыяны төлөө максатында банктын бөлүмүнө келип отурбастан, “РСК 24” тиркемеси менен мобилдик банкинг аркылуу төлөм жүргүзсө болот.  

Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын алкагында жеңилдетилген насыялоо төмөнкү багыттар боюнча каралган:
 туризм;
 жеңил өнөр жай;
 фармацевтика;
 жүк ташуулар;
 өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалар;
 иштеп чыгуучу өнөр жай, тоо-кен казуу өнөр жайынан сырткары.
Насыяны Кыргыз Республикасынын резиденттери, жеке ишкерлер, чакан, орто, ири ишкер/юридикалык жак ала алат.
 Кошумча акча чогултуулар жана комиссиялар (насыяны берүүгө, графикти кайра карап чыгууга, резервдөөгө, кайра түзүүгө, акчалай берүүгө ж.б.) алынбайт

Ссылка: https://barometr.kg/ishkerdik-subektterdi-karzhyloo-programmasy-ishtep-bashtajt



Добавить комментарий