Ишкер Жамалбек Ырсалиев ырчы Марат Талантбековго унаа белек кылды

9 октября 2019 09:05 3141 Barometr
Поделиться в:
ok

Ишкер, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жамалбек Ырсалиев ырчы Марат Талантбековго унаа белек кылды.

Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анда Ырсалиев ырчы Маратты “Кыргызымдын таланттуу мырзасы” деп атап, ага унаанын ачкычын карматып турган сүрөтүн жайгаштырган.

Ашып кеткен байлыгым деле жок. Кудайга шүгүр оокатым бар. Бир кездерде мага Замандаштын негиздөөчүсү Муктар Өмүракунов байкем менен иниси Нурлан Өмүракунов машине мингизген эле. Ошондо катуу сүйүнгөм. Бүгүн мен кыргыздын таланттуу уулу,келечекте Кыргыз мамлекетинин туусун Димаштан кем эмес көтөрө турган Марат Талантбеков инимди кубандыргым келди. Качандыр бир убакта Марат иним да бир кыргыздын бир жигитин кубандырат деп терең ишенем. Талантың ташкындай берсин иним. Чын жүрөктөн,ак тилек менен берген тулпарым сен үчүн акжолтой болуп, артынан аргымактарды катарлап ээрчитип келсин. Бактылуу бол иним!!!”, - деп билдирүү калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/ishker-zhamalbek-yrsaliev-yrchy-marat-talantbekovgo-unaa-belek-kyldy



Добавить комментарий