Канымбу Карабаева: Элимдин ден соолугу-мамлекеттин байлыгы
“Ишеним” саясий партиясынын талапкери Канымбу Карабаева Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жолугушуу өткөрдү.Бул тууралуу “Ишеним” саясий партиясынан маалымдашты.
Жолугушууда шайлоо программасында көрсөтүлгөн маселелер талкууланды. Жарандар өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин айтышты жана Канымбу Карабаева колдоорун билгизишти.
“Урматтуу мен сыйлаган кыргыз калкым. Менин негизги урааным: элимдин ден соолугу-мамлекеттин байлыгы. Медицина тармагында фармацевтика тармагына реформа кылганга көбүрөөк көңүл бөлүшүбүз керек. Себеби бүгүнкү ичип жаткан дарыларыбызды текшерүү толук өтпөй жатат. Мыйзамдарда эң арзан дарылар сатылып келсин деген чектөөлөр бар.Мамлекет тарабынан ооруканаларды көбөйтүп, адамдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү тарабын депутат болуп калсак көтөрүп чыгуу ниетибиз бар”,-дейт талапкер Карабаева.
“Канымбу Карабаеваны “Ишеним” партиясынын 18-номеринде колдоп жатабыз. Эмне үчүн? Себеби дегенде Карабаева боор илдетине чалдыгып Индиядан өзү боорун алмаштырып келген.Мындайча айтканду ушул тармакты өзбашынан өткөрүп келген жаран катары трансплантация эмне экенин билет”,-деди талапкерди колдогон шайлоочу.
Канымбу Карабаеванын негизги программасына төмөндө көз жүгүртсөңүз болот.
1.Мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык жардамга муктаж жарандарыбыздын укугун коргоо жана колдоо.Майыптыгы бар жарандарыбызды мамлекет тарабынан акысыз, жеңилдиктер менен дарылоо.
2. Медицина тармагында реформа жүргүзүү менен жарандарды медициналык сапаттуу тейлөөнү жогорулатуу.
3. Чет мамлекетте жасалчу органдарды трансплантациялоо практикасын Кыргыз өлкөбүздө өркүндөтүү.
4. Кыргыз калкымды геноцид коркунучуна алып келген боор оорусу, жугуштуу инфекциялык (гепатит) ооруларын алдын алуу, программасын мамлекеттик денгээлде иштеп чыгуу.
5. Кыргызстанда өндүрүлбөгөн жашоо үчүн абдан маанилүү даарыларды мамлекет тарабынан сапаттуу жана арзан баада калкты камсыз кылуу маселесин көтөрүү.
6. Чет өлкөдөгү мигранттардын укугун коргоого өзгөчө көңүл буруу.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда. Талапкер Канымбу Карабаеваны “Ишеним” партиясынын 18-номеринде колдоого алсаңыз болот.
Даярдоочу: « Barometr.kg.» редакциясы Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 21-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).
Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-sayasij-partiyasynyn-talapkeri-kanymbu-karabaeva
Добавить комментарий ×