"Ишеним" саясий партиясынан талапкер Сүйүнбек Өмүрзаковдун үгүт кербени кандай жүрүүдө?
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Ишеним" саясий партиясынан талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков үгүт кербенин кичи мекени Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен жолугушуудан баштады. Талапкер жалпысынан 30 жерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, элеттик элдин көйгөйүн укту.
"30 жылдан бери жолдун алыстыгынан биздин айылга талапкер эмес, акимдер бут баспаган. "Сүйүнбек атанын уулу экендигиңди далилдедиң. Сен келдиң эми үнүбүз бийликке жетет деп ойлойбуз"- деген пикирлерин алыскы Жең-Кол, Шаркыратма айылдарынын тургундары айтышты.
Ал эми Ылай-Талаа айылынын тургуну К.Баатыров: "Сүйүнбек Өмүрзаковдун мандат алышы - элибиздин утушу болот. Өлкөбүздүн ички, тышкы коопсуздук маселелерин жат билет. Добушубузду биз үчүн, мамлекетибиз үчүн кымбат жигитибизден аябайбыз"- деп сыймыктануу менен элди добуш берүүгө чакырып кетти.
Ошондой эле райондун борборундук стадиондогу шайлоочулар менен болгон жолугушууда эл бир добуштан колдоп, жакшы тилектерин билдиришти.
"Сүйүнбек Өмүрзаковдой духу, эрки, саясий сабаттуулугу жогору жигитибиз парламентте да керек"- деп сыймыктануу менен баса белгилешти айыл тургундары.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда.
Сүйүнбек Өмүрзаковду “Ишеним” партиясынын 11-номеринде колдоого алсаңыз болот.
Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 21-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).
Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-sayasij-partiyasynan-talapker-sjnbek-mrzakov-gt-kerbenin
Добавить комментарий ×