Ишенесизби? Алмамбет Шыкмаматов акыркы эки жыл аванс алып жашаганын айтты. Видео

9 января 2020 15:46 12988 2 Расул Мурат
Поделиться в:
ok


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов акыркы эки жыл бою айлыгынан аванс алып жашаганын "Парламентаризм сабактары" телеберүүсүндө айтып берди.

Ал Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун "Депутаттык кызмат жеке өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө мал-мүлк, байлыктын көбөйүшүнө алып келдиби?" деген суроосуна так кесе "жок" деп жооп берди. Экс-депутаттын ырасташынча ал айлыктан айлыкка жашаган.

"Жок, алып келген жок. Аны бүт мамлекеттик органдар 200 жолу текшерип чыкса болот. Мен парламенттеги айлыгымдан эки жыл аванс алып жашадым. Аванс деген эмне экенин билесизби? Карыз болуп, акча жокто бухгалтериядан барып аванс аласың. Мына документтин бары бар. Мен ар дайым аванс алдым. Анткени үй-бүлөмдө мен эле иштейм. Бирок айлыгым жетет", — деди Шыкмаматов.

Нуракун уулунун "Депутаттар ушинтип айтса эл ишенеби?" деген суроосуна Шыкмаматов Кудай алдында таза экенин айтты.  

"Эми ишенеби, ишенбейби мен аны билбейм. Мен Кудай алдында да, Куран алдында да айтып берем. Коомчулукта "кантип эле?" деген терс пикир бар. Анткени олигархтар келгенде ушундай пикир пайда болду. Болбосо көптөгөн өнүккөн мамлекеттердеги депутаттар жупуну, карапайым. Эгерде жанагы преференциалдуу шайлоо системасы болсо, башкача айтканда эл инсандарга добуш берсе, ошондо бүт эле айлыкка жашаган, аванс алып оокат кылган, бирок өз ишин сүйгөн, берилип иштеген адамдар келмек", — деди экс-депутат.

Ал андан сырткары "парламент бул акча табуунун эле чордону" деген түшүнүктөн арылуу керектигин кошумчалады. Себеби эл арасында олигархтар өздөрүнүн капиталын, мүлкүн көбөйтүү үчүн депутат болуп келип жатат деген догма түшүнүк катып калган.

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен кызыкчылыктары келишпей калгандыктан партиянын катарынан чыгып, депутаттык мандаттан дагы баш тарткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ishenesizbi-almambet-shykmamatov-akyrky-eki-zhyl-avans-alyp-zhashaganyn-ajtty-video



Добавить комментарий