Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата китеп чыгарылды
Поделиться в:
Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка караганда, китептин автору эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы — Гапыр Мадаминов.
«Китеп Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында жарык көрдү. Анда мамлекеттик ишмердин өмүр таржымалы, инсандык асыл сапаттары, жетекчилик жөндөмү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымы жөнүндө кеңири жазылып, ар бир адамдын инсандык сапаттарын калыптандырууга, руханий жактан өзгөрүүгө пайдалуу маалыматтар камтылган», - деп айтылат маалыматта.
Китеп1000 нускада жарык көрдү.
Ссылка: https://barometr.kg/ishak-razzakovdun-110-zhyldygyna-karata-kitep-chygaryldy
Добавить комментарий ×