Исхак Пирматов: "Саясатка келгендеги чоң катам кыргыз тилдүү эки гезитке акча берип койгонум, алар террористтердей эле экен"

28 декабря 2018 14:50 1372 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Депутат Исхак Пирматов айрым журналисттерге акча бергенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы 2012-жылы эки кыргыз тилдүү гезиттин журналисттерине акча бергендигин ачыктады. Андан кийин депутаттан акча доолагандар көбөйгөн. Исхак Пирматов андай журналисттерди «каракчылар» деп атайт. 

«Ал маалымат дароо каракчылар арасында тарап, баарына жетише албай койгом. Ага өкүнөм. Террористер менен сүйлөшүү мүмкүн эмес болсо, булар менен дагы соодалашуу туура эмес экендигин кеч түшүндүм. Бүгүнкү күнгө чейин бир нерсе өнүп калса ажеп эмес деп, үмүтүн үзбөй келген «сары» пресса «ач арбактарына» кайрылам: Эч нерсе тийбейт ! Ала албайсыңар!», — дейт Исхак Пирматов.

Ал эми депутаттын мындай пикирин уккан интернеттеги эл "Акырын өз ишинди мыкты аткара берсең, бардыгы өз ордуна коюлат, бирөөгө акча берип койдум эле деп нааразы болбой, сары пресса жамандаса дагы эмгегиңди эл баалайт"-деп жазышты.


Ссылка: https://barometr.kg/ishak-pirmatov-sayasatka-kelgendegi-cho-katam-kyrgyz-tild-eki-gezitke-akcha-berip-kojgonum-alar-terroristterdej-ele-eken



Добавить комментарий