Исхак Масалиев Суталинов тууралуу: Ал эч жакка учуп кетүүгө камданган деле жок

16 апреля 2019 11:00 1873 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталинов боюнча пикирин жазды.

“Генерал жөнүндө. Прокуратуранын өтүнүчү менен Батукаевди кое берген кезде Башкы прокурор менен Акыйкатчы парламенттин депутаттарына жооп бергени эсимде. “Баардыгы мыйзам чегинде, ал абдан ооруп жатат жана жакында өлүп калышы мүмкүн” дешкен. Жана күзөт менен (чындыгында коштоп жүрүү менен) Бишкектен чыгарышып, ал самолет менен учуп кеткен болчу. Азыр аман-эсен жүрөт дешүүдө.

А Мурат Суталиновдун тагдырын биздин сот чече албай жатат, ал эч жакка учуп кетүүгө камданган деле жок... Ал ооруп жатат...

Азыр Башкы прокурор менен Акыйкатчы кайда?”,-деп жазды Масалиев.

Эскерте кетсек, кечээ 15-апрелде УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталинов боюнча сотту  кайрадан  7-майга чейин жылдырышкан. 1-апрелден бери Мурат Суталинов Саламатыкты сактоо министрлигинин онкология борборунда  дарыланууда. Дарылоо айдын соңуна чейин жүргүзүлөт.

Учурда Суталиновду мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу боюнча арыз Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ishak-masaliev-sutalinov-tuuraluu-al-ech-zhakka-uchup-ketg-kamdangan-dele-zhok



Добавить комментарий