Исхак Масалиев: “Чимкирик парламент”- өзүбүздүн баш ийгендигибиз менен ушул атка кондук

18 марта 2019 15:47 7952 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев өзүнүн баракчасына  акыркы саясий окуяларга байланыштуу пикир бөлүштү.

“Өткөн жылдын май айында мен Жогорку Кеңештеги кесиптештериме жаңы коалиция түзүүнү сунуштагам. КСДПны оппозицияга чыгарып, чыныгы парламенттик өлкө бололу дегем. Тилекке каршы, мени колдобой коюшкан. Бул партиянын ажырымга бөлүнүшү жана анын жетекчилеринин ортосундагы тартыш коомдогу чыңалууну пайда кылууда.

ТИГИЛ тынчыбайт, ар бир күн анын пайдасына иштейт- жарандардын ар бир чечилбеген маселеси, чек арадагы кагылыш, суук-ысык, суунун тартыштыгы, кыскасын айтканда дүйнөдө болуп жаткан баардык жаман нерселердин баарына- БУЛ күнөөлүү деп чыга берет.

Эми мына азыр да-Аксы окуясын эскеришти эле- чындыгында алар ошол күндөргө жакын болгон эмес. Трагедиядан кызыл кулактык кылып жатат, башка эч нерсе жок.

КСДПнын ажырымы, анын ЖКнын фракциясындагы жетектөөчү ролу- бул парламент үчүн өтө жаман.

Ал эми “Чимкирик парламент”- өзүбүздүн баш ийгендигибиз менен ушул атка кондук окшойт- ушинтип үйрөтүшкөн... Чындыгында ал бизди антпеши керек эле.

Бир жылдан ашыгыраак убакыт калды, дагы деле болсо көп нерсени өзгөртсө болот”,-деп жазды Масалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/ishak-masaliev-chimkirik-parlament-zbzdn-bash-ijgendigibiz-menen-ushul-atka-konduk



Добавить комментарий