Исхак Масалиев: Ар бир шайлоочу бир партияга жана бир адамга добуш бериши керек

12 марта 2019 14:01 1331 Barometr
Поделиться в:
ok

Шайлоочу бир партияга жана бир адамга добуш бериши керек. Шайлоо мыйзамына киргизүү үчүн сунушталып жаткан мындай өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоорун талкууга алып чыгышты. Авторлору мен жана Жанар Акаев. Эки сөз менен айтканда, өзгөртүүнүн мааниси - шайлоочу бир партияга жана бул партиядагы бир талапкерге гана добуш бере алат. Анын жыйынтыгында реалдуу көрсөткүчтөргө ээ болобуз, анын негизинде тизме да өзгөрөт. Максаты-парламенттин депутаты шайлоочулардын зарыл болгон колун топтой алган адам болушу керек жана реалдуу саясий элитаны калыптандырышы кажет.Бул мыйзамды ЖКнын сайтынан карап өз сунушуңуздарды бериңиздер. Келгиле иштейли”,-деп жазды депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/ishak-masaliev-bir-adam-bir-partiyaga-zhana-bir-adamga-dobush-berishi-kerek



Добавить комментарий