Исхак Масалиев 25-майдан тарта депутаттык мандатын тапшырат
Депутат Исхак Масалиев 25-майдан тарта депутаттык мандатын тапшыра турганын парламенттин жыйынында айтты.
Ал 4,5 жыл азыркы депутаттар менен чогуу иштегенине ыраазы экенин айтты. Масалиев андан сырткары шайлоочулардан алардын ишеничин актай албаганы үчүн кечирим сурады.
Ал андан сырктары өз кайрылуусунда өкмөттүн ишмердигин сынга алып, парламентти тоготпой калганын билдирди. Андан сырткары ал парламент алсыз болуп жатканын да кошумчалады.
Масалиев мамлекетте болуп жаткан көйгөйлөргө анын да тиешеси бар экенин айтып, шайлоочулардын ишенимин актай албай калганы үчүн кечирим сурады. Депутат Жогорку Кеңешке 4 жолу депутат болуп шайланып келгенин белгиледи.
Төрага Дастан Жумабеков бүгүн, 21-май, Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, ага мындан ары ийгиликтерди каалап, Орозо айында кечиримдүү болууга чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/ishak-masaliev-25-majdan-tarta-deputattyk-mandatyn-tapshyrat
Добавить комментарий ×