Исаев: Парламенттин мөөнөтү бүтүп калгандыктан, президенттин милдеттерин аткаруудан баш тарттым

16 октября 2020 12:18 1059 Barometr
Поделиться в:
ok

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдеттерин аткаруудан эмне үчүн баш тарканы тууралуу журналисттерге маалымат берди. 

"Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу, мөөнөтү бүткөн парламенттин төрагасы кантип президенттин милдетин аткаруу укугуна ээ болот. Ошол себептен президенттин милдеттерин аткаруу укугунан баш тарттым" , -деди Исаев. 

Ошону менен катары эле, ал шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү жана шайлоого коюлуучу күрөөнүн суммасын азайтуу жана форма №2 тууралуу маселелер тез арада каралышы керек деген оюн айтты. 

Канат Исаев Сооронбай Жээнбековдун мындан кийинки кадамдары жана ал "өлкөдөн чыгып кетеби" деген журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Жээнбековдун ушундай кыйын кырдаалда отставкага кетишин мен колдогон эмесмин. Өлкөдө абал чыңалып турганда Кыргызстандан чыгып кеткен жок. Эми мындан ары деле өлкөдө калат деген ойдомун. Ал эми анын экс-президент макамы сакталып калат болушу керек деген ойдомун. Эгерде ал эч бир корупциялык иштерге аралашкан эмес болсо", -деп кошумчалады ал. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/isaev-parlamenttin-mnt-btp-kalgandyktan-prezidenttin-mildetterin-atkaruudan-bash-tarttym



Добавить комментарий