«Ирония судьбы» тасмасынын жылдызы Андрей Мягков каза болду
Поделиться в:
Бүгүн, 18-февралда 83 жашында орусиялык театр жана кино актёру Андрей Мягков каза болду. Бул тууралуу "Известия" басылмасына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
Алдын ала маалыматка ылайык, актер жүрөк оорудан улам каза болгон.
Актер 1965-жылы "Похождения зубного врача" комедиясында тиш доктур Чесноков катары атактуулукка жеткен. Режиссер Эльдар Рязанов менен узак жылдар бою кызматташып, анын натыйжасында "Ирония судьбы, или С лёгким паром!», «Служебный роман», «Гараж» жана «Жестокий романс» тасмаларына тартылып, атактуулуктун туу чокусун багындырган.
Ссылка: https://barometr.kg/ironiya-sudby-tasmasynyn-zhyldyzy-andrej-myagkov-kaza-boldu
Добавить комментарий ×