Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динин кабыл алып, эми Шухада Давит деген жаңы ысымды алды
Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динин кабыл алып, эми Шухада Давит деген жаңы ысымды алды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.
"Мен сыймыктануу менен мусулман болгонумду жар салам. Бардык ыйык китептерди изилдөө ислам дининде жаткандыгын көрдүм. Андыктан менин жаңы атым мындан кийин Шухада болот"-деп жазган.
Шухада 1992-жылы Шинейд О'Коннор атын алып жүргөн убакта Saturday Night Live программасындагы түз эфирде Иоанна Павла IIнин портрети менен католиктердин чиркөөсүндө педофилдердин ызы-чуусуна каршы чыгарма аткарганы менен дүң болгон.
2017-жылы депрессияга кабылып жаткандыгын айтып, кантип күрөшүү керектиги жөнүндө интернетке видеосун чыгарган.
Ошондой эле ырчы чыгармачылыгынан тышкары өзүнүн өзгөчө жүрүм-туруму жана денесине түшүрүлгөн татуировкалары менен дагы айырмаланып турат. Анын денесине индуисттик Кудайлардын, ал эми көкүрөгүндө Иисус Христостун элеси түшүрүлгөн.
Ислам динин кабыл алдым дегенден кийин хиджаб кийип түшкөн сүрөтүн дагы жүктөгөн.
Добавить комментарий ×