Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор экинчи жолу ата болду
Поделиться в:
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор экинчи жолу ата болду. Тактап айтканда мушкердин жубайы Ди Девлин жаңырган жылдын башында экинчи наристесин жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Макгрегор өзү инстаграмдагы баракчасына күйөрмандары менен бөлүшкөн.
Ал: "Эки ден-соолугу чың балдарым менен жана алардын энергияга толгон супер апасы менен үйдү көздөй жөнөдүм. 2019-жыл сонун башталды. Жакшы каалоо-тилектер үчүн баарына рахмат!"-деп жазган.
Эске салсак, мушкердин тун баласы 2017-жылы май айларында жарык дүйнөгө келген.
Ссылка: https://barometr.kg/irlandiyalyk-mushker-konor-makgregor-ekinchi-zholu-ata-boldu
Добавить комментарий ×