Ирандан чыга албай калган кыргызстандык жүк ташуучулар жакын арада келип калат
Поделиться в:
Буга чейин Ирандан чыга албай ал жакта калып кеткен кыргызстандык жүк ташуучулар саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйында билдирди.
Ал жүк ташуучулар Азербайжан жана Россия аркылуу келе турганын кошумчалады.
Тен Буга чейин маалымдалгандай, коронавирустан улам Иран чек арасын жапкандыктан 70тен ашык кыргызстандык жүк ташуучу ал жактан чыга албай калган. Өз кезегинде Түркмөнстан өз аймагын транзит катары ачып берүүдөн баш тарткан. Ал эми Азербайжан транзиттик коридор ачып берүүгө макул болгон.
Добавить комментарий ×