Иранда дагы бир грек-рим күрөшү боюнча балбан өлүм жазасына тартылды

2 февраля 2021 13:49 1009 Barometr
Поделиться в:
ok

Иранда 2015-жылы көчө мушташы учурунда адам өлтүргөн деген айып менен грек-рим күрөшү боюнча балбан Мехди Али Хоссейнини өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Eurosport сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Спортчу акыркы беш жылда түрмөдө олтурган. Сотто грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада чемпиону Хамид Сориан, дүйнө чемпиону Мухаммед Талай жана улуттук курама команданын машыктыруучусу Али Ашкани Хоссейнини коргоп сөз сүйлөштү.

Хоссейни өзү киши өлтүрүү боюнча күнөөсүн мойнуна алган, бирок жабырлануучунун үй-бүлөсү кечирим берүүгө макул болбогондуктан, спортчуга берилген өкүм күчүндө калтырылган.

Маалым болгондой, жаза 25-январда Дезфул түрмөсүндө аткарылган. Балбан 30 жашта болчу.

Хоссейни акыркы алты айда Иранда өлүм жазасына тартылган экинчи балбан болуп калды. 2020-жылы сентябрда грек-рим күрөшү боюнча Ирандын чемпиону Навид Афкари өлүм жазасына тартылган. Ал Ирандын экономикалык саясатына каршы нааразычылык акциясына катышкандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган. Спортчуга АКШ президенти Дональд Трамп, UFC уюмунун башчысы Дана Уайт ырайым берүү өтүнүчү менен Иранга кайрылышкан. Бирок, Иран бийлиги бул өтүнүчтөрдү этибарга албай, өкүмдү аткарган.

Ссылка: https://barometr.kg/iranda-dagy-bir-grek-rim-krsh-boyuncha-balban-lm-zhazasyna-tartyldy



Добавить комментарий