Иран АКШдан генерал Касем Сулайманинин өлүмү үчүн өч аларын билдирди

3 январь 2020 15:11 16213 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Ирандын президенти Хасан Роухани "Аль-Кудс" атайын багыттагы күчтөрдүн командачысы, генерал Касем Сулайманинин өлтүрүлгөнү үчүн АКШдан өч аларын билдирди. Өч алууну бир гана Ирандан эмес, башка мамлекеттерден дагы күтүүгө болору маалыматта айтылат.

"Улуу иран эли жана аймакта эркиндикти сүйгөн мамлекеттер АКШдан жасаган эбегейсиз кылмышы үчүн алат", — деди Роухани.

Эске салсак, 3-январда Багдадда болгон ракеталык чабуулда генерал Касем Сулеймани каза болгон. АКШнын коргоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча ракеталык чабуул президент Дональд Трамптын буйругу менен Иракта жайгашкан американын аскерлерин коргоо максатында ишке ашкан.

Расмий Вашингтон ушул жумада АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдында болгон каршылык акцияларынын артында Сулеймани турарын айтып, бардык аракеттер анын көрсөтмөсү менен ишке ашканын билдирүүдө.

Reuters басылмасынын жазышынча Ирандын коргоо министри Амир Хатами генералдын өлүмүн уюштургандарга "чагылгандай тездик" менен жооп болорун билдирген.

Ал эми Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи элге телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда Сулейманинин өлүмүнөн кийин аймакта АКШнын аракеттерине болгон каршылык эки эселеп өсөрүн айтты. Хаменеи "ыйык согуш" Ирандын пайдасына чечилерин баса белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф генералдын өлтүрүлүшүн АКШ тарабынан жасалган эл аралык терроризм акты катары баалады.

Ссылка: https://barometr.kg/iran-akshdan-general-kasem-sulajmaninin-lm-chn-ch-alaryn-bildirdi



Добавить комментарий