Интервью. ИИМдин жоруктар боюнча Башкармалыктын башчысы Пирманов: "Жаш өспүрүмдөр 14 жашынан эле соттолуп кетчү, азыр андай эмес"

20 февраля 2019 12:34 1698 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2019-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзамдар боюнча коомчулуктун эле эмес, аны аткарган кызматкерлерге дагы жаңы түшүнүктөрдү билүүгө, аткарылыш шарттарын туура түшүнүүгө зарылдыктар келип чыгууда. Бул тууралуу айрым мыйзамдар кандай иштеп жатат, жаңы түшүнүктөр эмнени билдирет жана кандай мүчүлүштүктөр болууда, дегеле жаңы кодекстердин тегерегиндеги түшүнүктөр тууралуу ИИМдин жоруктар жана бузуулар иштери боюнча Башкармалыктын башчысы, милициянын полковниги Пирманов Бегалидин Рахманкуловичти кепке тарттык.

- Саламатсызбы Бегалидин Рахманкулович, жаңы кодекстердин иштеп баштаганына январдан бери мына 2 айдын жүзү болду. Мыйзамдар кандай иштеп жатат? Мүчүлүштүктөр чыгып жатабы? 

- Сиздерге маалым болгондой 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер күчүнө кирип иштеп жатат. ИИМде буга чейин жакшы даярдыктар болгондуктан кыйынчылыктар болгон жок. Башында техникалык жактан анча-мынча мүчүлүштүктөр болду. Алар интернеттин жетишсиздиги жана ылдамдыктын аздыгы. Ал эми иш жүзүндө колдонууда кээ бир нормаларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы бар. Бул маселе боюнча өзүнчө жумушчу топ түзүлүп, ИИМге сунуштарды берди. Анын үстүндө иш алып баруулар жүрүп жатат. 

- Кылмыштар менен жоруктардын иштешине токтолуп кетсениз? Кылмыштарды экиге бөлүп салдыңыздарбы? 
- Мурда бир кылмыш-жаза кодекси боло турган болсо, азыр экиге бөлүндү. Бири кылмыш-жаза кодекси, экинчиси жоруктар жөнүндө кодекс. Мыйзамдардын баары коомчулукту гумандаштырууга, кримчөйрөнү азайтууга багытталган. Кылмыш-жаза кодексинен анчалык коркунуч келтирбеген кылмыштар өзүнчө бөлүнүп, “Жоруктар кодексине” киргизилди. Ошондой эле мурдагы Административдик кодекстин кээ бир майда кылмыштын белгилери бар укук бузуулар бөлүнүп, Жоруктар жөнүндө кодексине киргизилген. Кылмышка жакын беренелердин баары бөлүнүп, “Жоруктар жөнүндө кодексине” кошулду. Мисалы, үй-бүлөдөгү зордук көрсөтүү, денесине жеңил залал келтирүү, майда бейбаштык ж.б. “Жоруктар кодексине” киргизилди. Ошентип дагы бир жаңы мыйзам пайда болду. Жоруктар мыйзамы боюнча күнөөлүү адамдар жасаган кылмыш жоругуна толугу менен жооп берет, жазасын алат, бирок соттолгон институту жок. Себеби аларга карата эркиндигинен ажыратуу чарасы колдонулбайт, башка жазанын түрлөрү колдонулат. Дагы бир айырмачылыгы Кылмыш-жаза кодекси боюнча тергөөчүлөр иш алып барса, жоруктар боюнча алгачкы текшерүү органынын ыйгарым өкүлү иш алып барат.

- Мен аймактык эки-үч инспектор менен сүйлөштүм, алар жаңы кабыл алынган кодекстер боюнча айрым административдик чараларды колдонууда түшүнбөстүктөр болуп жаткандыгын айтышууда. Мисалы, кылмыш болгон жерде тескөөчү кандай чараларды колдоно алат? Бузуулар боюнча колуна кишен салып камакка алып кетсе, тергөөчү же аймактык инспектор мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылабы? 

- Азыркы жаңы кодекстер боюнча административдик чара көрүү деген түшүнүк жок. Себеби, административдик жоопкерчилик чиновниктин жарандардын алдындагы жоопкерчилиги болуп калды. Азыр сот тарабынан каралып калган. Мына ошондуктан участкалык инспекторлор административдик чара көрө алышпайт. 

- Учурда балдарга карата зомбулук көп болуп жатпайбы. Мисалы, жаш баланы өлтүрүп салды дейли. Аймактык тескөөчү окуя болгон жерге барды. Эгерде мыйзам боюнча чара көрө албаса анда алар эмне кылышат? Убактылуу камоого, кылмышкерди дароо алып кеткенге укуктары барбы? Себеби, айрымдар жаңы кодекстер боюнча камай албайсыңар дегендер чыгышы мүмкүн, гумандуулук деп жатып кылмышты кайра күчөтүп албайбызбы? Ушул жагы кандай каралган? 

- Кылмышкерлерди кылмыштарды жана жоруктарды жасаган жерде түздөн-түз кармап кетүү укугу бар. Ал мыйзам өзгөргөн эмес. Мындай кылмыштарга сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Ошондуктан,  жанагы кылмыш жөнүндө арыздар электрондук деп жатпайбызбы, ошого алгач барып катталат. Андан кийин 24 сааттын ичинде кечиктирилбестен эле текшерүүгө алынат. 

Ал эми гумандаштыруу боюнча, коомго анчалык оор эмес, зыян келтирилбеген кылмыштар боюнча каралган. Жазанын эң оор түрү өмүр бою эркинен ажыратуу сыяктуу мыйзамдар өзгөрбөстөн эле иштеп жатат. Андыктан кылмыштуулуктун өсүп кетүүсүнө анчалык деле шарт түзүлбөйт. Коркунуч деле жок. Мына гумандашуунун негизги максаты ушул болуп жатпайбы. Жаш өспүрүмдөрдүн адашып эле кылмыш жасап алгандары болот. Аларды сөзсүз эле камап салбай, жазанын башка түрлөрүн колдонуп, экинчи кылмыш жасабагандай кылып коомго кайтаруу, социалдык жактан жардам берүү, көмөктөшүү иштерди кылуу максатында жаңыланды. Бул боюнча "Пробация" деген институт  иш алып барат. Алардын негизги максаты дагы гумандаштыруу болуп саналат.

- Жаңы мыйзам боюнча жаш өспүрүмдөр оор залал келтирбеген кылмыштар боюнча канча жашынан баштап жоопко тартылат? А оор кылмыш кылсачы?

- Жаш өспүрүмдөр жорук жасагандыгы үчүн 16 жашынан баштап жоопко тартылат. Мурунку мыйзам боюнча майда кылмыштарды жасагандыгы үчүн 14 жашынан баштап соттолуп кетчү. Азыр уурулук жана башка ушуга окшогон майда кылмыштар жоруктарга кирип, 14 жаштагылар жоопко тартылбайт. Ал эми оор кылмыштар боюнча кандай жазаларды алышат мыйзамдын жазык кодексинде көрсөтүлгөн.

-Жаңыдан кирген “депонирлөө” деген түшүнүктү чечмелеп берсеңиз?

Бүгүнкү күнү сотко жарандардын келүүсүн камсыз кылуу өтө чоң маселе болуп жатпайбы, ошол үчүн “депонирлөө” деген институт кирген. Соттук териштирүүгө жарандардын баары катыша турган болуп, бирөөсү кандайдыр бир себептер менен келбей кала турган болсо, анда соттук териштирүү башка күнгө коюлчу. Чоюлуп-чоюлуп олтуруп жылдап каралчу. Ал эми жаңы норма "депонирлөө" боюнча келбей калган күбө өтүнүч келтирет дагы, өзүнчө суракка алып, анын көрсөтмөсүн жана далилдерин бекемдейт. Андан кийин ал адам сотко катышпай деле койсо болот. Андан сырткары аралыкта туруп суракка алуу, видео сурак болот. Бүгүнкү күнү ватсапты колдонуп жатпайбызбы, мына ошонун негизинде эле суракка алса болот. Видео сурак (видео допрос) тартиби киргизилген, аны тергөөчү же сот жүргүзөт. Бул мыйзамда каралган, бул үчүн өзүнчө ыңгайлаштырылган иш бөлмөлөрү тергөө кызматында жана сотто түзүлөт.

-Маегиңизге рахмат!

 Barometr.kg сайты бир аз болсо дагы коомчулукка жаңы кодекстер боюнча маалымат алып бере алды деп ишенебиз! 



Ссылка: https://barometr.kg/intervyu-iimdin-zhoruktar-boyuncha-bashkarmalyktyn-bashchysy-pirmanov-zhash-sprmdr-14-zhashynan-ele-sottolup-ketch-azyr-andaj-emes



Добавить комментарий