Куткаруучулар сууга түшүп кеткен баланы куткарып, өздөрү агып кеткен видеонун чоо-жайы

12 июля 2022 13:42 2581 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта куткаруучулар каналга агып бара жаткан баланы куткарып калып, өздөрү агып кеткен видео тууралуу ӨКМ үн катты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Буга чейин, жогоруда айтылган окуя Кыргызстанда болгон делип, баланы куткарып калган ӨКМ кызматкерлеринин тагдыры соцтармак колдонуучуларынын тынчын алып, суроо салышкан.

"Социалдык тармактарда каналга агып бара жаткан баланы аман-эсен куткарып, бирок куткаруучулар өзүлөрү сууга агып кеткен окуя Кыргызстанда орун алган эмес.  Ошондой эле бул тууралуу КР ӨКМдин "112 " байланыш түйүнүнө маалымат түшкөн эмес.
Тактоо ишин жүргүзүүнүн натыйжасында коңшу Казакстан жана Өзбекстан өлкөсүндө да бул кырсык катталбаганы белгилүү болду", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/internette-kutkaruuchular-suuga-agyp-bara-zhatkan-balany-kutkaryp-zdr-agyp-ketken-video-tukraluu-km-n-katty



Добавить комментарий