Интернетте “Аллаху акбар” деп кыйкырып ок чыгарган видео тасмадагы балдар аныкталды

4 марта 2021 10:06 2530 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармактарда “Аллаху акбар” деп кыйкырып ок атуучу куралдан ок атышкан видеодогу балдар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

2021-жылдын 1-март күнү социалдык тармактарда белгисиз ок атуучу куралдан ок чыгарып, курал көтөргөн окуучулар деп аталган видео тасма таркаган. 

"Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралынан ок чыгарган жаш өспүрүмдөр Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургундары 17 жаштагы К уулу Б жана И.Р экендиги аныкталган. 

Тергөө тобу тарабынан Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургуну 17 жаштагы И.Рдан агасы М.Унун катышуусунда бир даана 12 калибирлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынган.  Ошондой эле, ок атуучу куралды колдонуп, видеого түшкөн балдар жакындарынын катышуусунда тергөөгө чакыртылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын сентябрь айынын орто ченинде кундагы жок куралды жана аны менен бирге 1 даана ок даарыны үйүнөн алып чыгып, Эркин-Тоо айылынын четине классташ досу 17 жаштагы К уулу Б жана айылдашы 16 жаштагы С.Дны жолдон жолуктуруп, Р.Инин уюлдук кол телефонуна интернет тармагына жайылган видео тасманы тартып алышкан. Ок атуучу куралынан К уулу Б ок чыгарып аткан, Р.И “ Аллоху-Акбар” деп кыйкырып үн салган, ал эми Д.С уюлдук кол телефонго видео тасмага тартып тургандыгы аныкталган. Р.И тасмага алынган видеону WhatsApp тиркемеси аркылуу досторуна жиберип, андан ары интернет тармагына тарап кеткендиги белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/internette-allahu-akbar-dep-kyjkyryp-ok-chygarkan-video-tasmadagy-baldar-anyktaldy



Добавить комментарий