Интернет шылуундарына 270 000 сом акчасын алдатып жиберип, айласы кеткен жигит

20 марта 2021 21:13 1918 Barometr
Поделиться в:
ok

Интернет шылуундарына ири суммадагы акча алдатып жиберген Турарбек уулу Эрнис бир жылдан бери барбаган жери, кайрылбаган эшиги калган эмес. Бул жолу акыйкат издеп, үнүмдү күч органдары угуп калар деген үмүттө “Барометрге” кайрылган.

Маалым болгондой, Турарбек уулу Эрнис 2020-жылдын май айында “Лалафо” аркылуу кум шекерди дүңүнөн аларын билдирип жарнама берген. Көп өтпөй бир жигит чалып, 10 тонна кум шекери чек арадан кирип жатканын билдирип, телефон аркылуу соодалашышкан.

“Ал жигит мени менен телефон аркылуу эле сүйлөшүп, чек арадан жаңы эле кирген кум шекерди жеринен барып көрүүнү сунуштады. Мен барып, кум шекерди өз көзүм менен көрүп, колум менен кармап, сатып ала турган болдум.

Анан мен 10 тонна кум шекерди унаага жүктөп, телефондогу сатуучума чалсам, такси айдаган балага акчаны санап береп жиберүүм керек экенин айтты. Мен 270 000 сом акчаны санап берип, такси айдаган жигитти видеого тартып алгам.

Анан эле, ортодон кум шекердин ээсимин деген бир адам пайда болду. Дароо эле мен буга чейин байланышкан номурга чалсам өчүк экен.

Көрсө, интернет шылууну, кум шекердин ээсин да “Лалафодон” таап, ага чалып, балдар барып, товарды жүктөп кетет анан мен сизге акчаны берем деп алдаган экен.

Биз ошол күнү эле дароо Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылдык.

Көрсө менден акча алып кеткен такси кызматкерине көбүрөк акча төлөп берерин айтып, акча алып келип берүүсүн өтөнгөн экен. Менден акча алган такси кызматкери башка такси кызматкерине акчаны бериптир, ал болсо бир жаш кызга бергенин айтты. Ошентип, ал кызды да таба албай калдык.

Ортодо мен эле 270 000 сом акчамды интернет шылуунуна алдатып жиберип, калып калдым. Ал эми, милиция кызматкерлери акчадан түңүлүп эле коюшум керек экенин айтып жатышат. Алардын айтымында, мындай шылуундук менен түрмөдө олтургандар алек болуп, табуу мүмкүн эмес деп жатышат”, - деди жаш ишкер.

Маалым болгондой, Турарбек уулу Эрнис дыйкандардан дүң баада азык-түлүк сатып алып, үстүнө 5 сомго чейин кошуп сатып, ишкерлик кылчу экен.

Ал эми анын айтымында, Ленин РИИБ арызды Чынара Эрикова аттуу тергөөчү 2020-жылдын 17-майында кабыл алган экен.

Жогорудагы тергөөчүгө чалганыбызда, азыр эс алууда экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартты. Жакынкы күндөрү “Барометр” бул иш боюнча кандай чара көрүлүп, эмне маалым болгону тууралуу маалымат берүүгө аракет жасайт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/internet-shyluundaryna-270-000-som-akchasyn-aldatyp-zhiberip-ajlasy-ketken-zhigit



Добавить комментарий