Инсультту байкаш оңой эмес. Бирок анын белгилерин билген адам жакын адамын сактап калат

31 августа 2019 08:19 5479 Barometr
Поделиться в:
ok

Жайкы эс алуу убактысында бир жаш келин жыгылып кетти. Чалынып кеттим ташка, жаңы бут кийим алдым эле деп билдирди. Өңү кубарыңкы болуп калтырап турду. Ага даамдуу тамак тарелкага салып беришти. Айнура теңтуштары менен көңүлдүү эс алууну уланта берди. Эртеси аны тез жардам алып кетти. Жолдошу Айнураны кечки саат 23тө каза болгонун айтты. Эс алуу учурунда ал инсульт алган экен. Эгерде анын достору бул оорунун белгилерин билишсе Айнурага жардам берип үлгүрүп калышмак.

Кээ бир кишилер бат эле каза болушпайт, эгерде ошол учурда белгилерин билсе жардам берүүгө болот.Үч сааттын ичинде бейтапка жетишип, жардам кылсак, анда ал адам инсульттан кийин жатып калбайт-дейт нейрохирургдар.

Бул жерде инсультту байкаш оңой эмес. Бирок анын белгилерин билген адам жакын адамын сактап калат.

Белгилери 4 кадамдан турат.

1. Мага карап жылмайып койчу, деп сурайбыз. Бейтап күлө албайт.

2. Жөнөкөй сөздөрдү кайталачы деп сурайбыз. Мисалы, бүгүн аба ырайы  жакшы деп.

3. Эки колуң тең көтөр деп сурайбыз. Бейтап көтөрө албайт.

4. Тилинди сун деп сурайбыз.Тили кыйшайып же сунулбайт.

Бул белгилердин бирөөсү эле болсо дароо тез жардам чакырып, телефон аркылуу белгилерин айтыңыз.

Кардиолог дарыгердин айтуусунда ушул билдирүүнү жок дегенде он адамга бөлүшсөн анда сиз бир адамдын өмүрүн сактап кала аласыз.

Балким менин өмүрүмдү сактап каласыз. Биз күнүгө ар кандай маалыматтар менен бөлүшөбүз, бир жолу эң керектүү, эң пайдалуу маалыматты досторуна бөлүш.

Ссылка: https://barometr.kg/insulttu-bajkash-ooj-emesbirok-anyn-belgilerin-bilgen-adam-zhakyn-adamyn-saktap-kalat



Добавить комментарий