Instagram мазактаган билдүрүү жөнөткөн аккаунттар үчүн катаал чара киргизди

12 февраля 2021 09:43 6004 Barometr
Поделиться в:
ok

Instagram социалдык тармагы жеке билдирүү аркылуу адамды мазактаган, адепсиз билдирүүлөрдү жөнөткөн колдонуучулардын аккаунттарын өчүрүп койо алат. Бул тууралуу аталган соцтармактын расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эми жеке билдирүүлөр аркылуу адамдын абройуна шек келтирип, коркутууга аракет кылган колдонуучулардын аккаунттары биротоло жок кылынышы мүмкүн. Ушул кезге чейин Instagram кат алышуу учурунда ушул эрежелерди бузган колдонуучуларга жеке билдирүүлөрдү жөнөтүп гана убактылуу тыюу салган.

"Эми кимдир бирөөгө орунсуз билдирүүлөрдү жөнөтө берсе, биз анын аккаунтун өчүрөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Тиркеменин администрациясы расалык же диний көз карашка негизделген жек көрүүчүлүктү козуткан билдирүүлөр тууралуу кеп болуп жатканын түшүндүрдү. Компания ошондой эле блоктогон колдонуучуларды чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн жаңы аккаунт түзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга убада берди.

Instagram жеке кат алышууларда болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөө, посттордун астындагы адепсиз комментарийлерди көзөмөлдөөгө караганда татаал экендигин белгиледи. Компания адам укуктарын жана кат алышуу купуялыгын бузууга барбайт деп түшүндүрдү.

Администрация колдонуучуларга аларга жазылбаган баракчалардан жеке билдирүүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн дароо өчүрүү укугун берүү менен жардам берет. Бул функция эми корпоративдик аккаунттар жана катталуучулары көп колдонуучуларга жеткиликтүү.

Жаңычылдык Улуу Британиядагы кырдаалга байланыштуу пайда болгон, анда оюндан утулуп калган футболчулардын Instagram баракчасына жеке кат аркылуу шылдыңдап, улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр көп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/instagram-mazaktagan-bildr-zhntkn-akkaunttar-chn-kataal-chara-kirgizdi



Добавить комментарий