Инстаграм барактарын каптап кыргыз ырчыларын да четте калтырбаган "кызыл гелик" эмнеге ойнотулуп жатат?

20 марта 2019 14:11 2481 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Инстаграм барактарын кызыл түстөгү гелик авто унаасы каптады. Мунун баарына блогер Гусейн Гапаровдун өз авто унаасын катталуучулар арасында ойнотуп жатканы себеп болду.

Маалым болгондой бир топ элге төбөсү көрунгөн инсандар, алардын катарында кыргыз эстрадасынын жылдыздары да инстаграм аркылуу бизнес жүргүзүүгө өтүшкөн. Кимдин катталуучусу көп болсо демек анын бизнеси жакшы жүрөт.

Катталуучулардын санын көбөйтүү үчүн азыр ар түрдүү оюндар уюштурула баштады.

Гусейн Гасанов да дал ушундай жол менен катталуучу чогултуп алардын бирине өзүнүн сүйүктүү гелик авто унаасын белек кылганы турат.

24 жаштагы россиялык блогердин бул оюнуна жөнөкөй жарандар гана эмес Кыргызстандыктар да активдүү катышууда. Баарынан кызыгы кыргыз эстрадасынын алдыңкы ырчылары да четте калышкан жок.

Ал эми Гусейн Гасановдун катталуучуларынын саны  9,7 миллиондон ашты.

Ийгилик кимге жылмаярын жалпыны кызыктырууда.

Ссылка: https://barometr.kg/instagram-baraktaryn-kaptap-kyrgyz-yrchylaryn-da-chette-kaltyrbagan-kyzyl-gelik-emnege-ojnotulup-zhatat



Добавить комментарий