Instagram баракчасынын колдонуучусу Роналду рекорд жаңыртты

30 октября 2018 14:00 1258 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Португалиялык футболчу жана "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду Instagram тармагындагы эң популярдуу колдонуучу аталды. Ага рекорддук сандагы адамдар жазылган.

Goal.com спорттук порталдын маалыматына караганда, жаңы рекорд дүйшөмбү күнү, 29-октябрда  коюлган. Тагыраагы, футболчунун баракчасына 144,36 миллион адам жазылганы белгилүү болду.

Муну менен Роналду 2016-жылдан бери лидерликти бербей келген Селена Гомести артта калтырды. Популярдуу ырчынын 144,318 миллион фолловери бар.

Португалиялык футболчу 2018-жылдын жай айларында мадриддик "Реал" клубунан "Ювентуска" өткөн.

Бул жаңылыкты уккан Селена Гоместин күйөрмандары ага кайгырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/instagram-barakchasynyn-koldonuuchusu-ronaldu-rekord-zhayrtty



Добавить комментарий