Инстаграм атайын чогултулган катталуучуларды, лайктарды жана пикирлерди өчүрөт

21 ноября 2018 11:00 877 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө "Инстаграм" эң популярдуу интернет баракчаларынын бири болуп келет. Инстаграм аркылуу белгилүү адамдардын баары баракчаларын "бизнес" баракчага айландырып баратканы баарыбызга белгилүү. Кимдин катталуучулары же чогултулган лайктары көп болсо, баракчасынын окумдуулугу жогору болсо ал интернет аркылуу акча табуучу баракчанын ээси болуп саналат. Мындан улам бүгүнкү күндө көптөгөн жасалма катталуучуларды же лайктарды чогулткан программалар чыгып жатат. 

Ушул себептен улам "инстаграм" интернет булагы расмий түрдө:

"Бүгүнкү күндөн баштап башка программалар аркылуу чогултулган жалган лайктарды, пикирлерди жана катталуучуларды өчүрүп баштайбыз" -деп билдирүү жазды.

Мааалыматта компания жасалма пикирлерди, лайктарды жана катталуучуларды автоматтык түрдө өчүрүүчү жана баракчанын ээсине өчүрүү тууралуу маалымдап туруучу программа ойлоп тапкандыгы айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/instagram-atajyn-chogultulgan-kattaluuchulardy-lajktarly-zhana-pikirlerdi-chrt



Добавить комментарий