Инспекторлор жол кырсыктары азайсын деп койду курмандык чалып, этин таратышты

13 апреля 2019 13:04 3254 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областтык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору койду курмандык чалышты.Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Инспекторлор мындай кадамга жол кырсыктары азайсын деп барышкан

Курмандык чалынган койдун эти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана бала бакчага таратылды.    

Аймактык башкармалыктын маалыматына караганда 4-5-апрелде эле Ысык-Көл областында үч авария катталып, андан алты адам каза тапты, алардын арасында үч бала бар.

Инспекторлор койду курмандык кылуу жол кырсыгын азайтуу боюнча жалгыз чара эместигин, алар жөө жүргүнчүлөр менен айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айтышты.

Ссылка: https://barometr.kg/inspektorlor-zhol-kyrsyktary-azajsyn-dep-kojdu-kurmandyk-chalyp-etin-taratyshty



Добавить комментарий